Талибан кыймылы Ооганстандагы дарыгерлерге аялдарды эркектердин коштоосуз кабыл алууга тыюу салды

Ооганстандын Газни провинциясында талибдер аял туугандарынын коштоосунда ооруканага келген аялдарга медициналык жардам көрсөтүүгө тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган провинциядагы Мукур районунда кыздарды эркек туугандарынын ордуна жакын аял туугандары коштоп жүргөн учурлар көп болгон. Бийликтин айтымында, бул жүрүм-турум "адепсиз жана мыйзамсыз". Ошондуктан алар дарыгерлерди мындай аялдарга медициналык жардам көрсөтпөөгө чакырышкан.

Буга чейин "Талибан" кыймылы Ооганстанда бир нече телеберүүлөрдү, анын ичинде аялдардын катышуусундагы программаларды көрсөтүүгө тыюу салган.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jelezo
2021-12-24 04:15:57
Маңкурттар.
+3
Sajakat14
2021-12-24 08:18:43
Мээлеринен такыр айнышыптыр? Кыздар, аялдар эркек тууганынын эмес, аял тууганынын коштоосунда врачка барса эмне болот экен? Бул талибдерге аялдар жашаганга катуу мишайтетиштиго тим эле. Жапайы малдар!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан