Аутизм - мээнин өсүшү бузулганда келип чыкчу оору. Тагыраагы, мээнин айрым бөлүктөрүндө өзгөрүү болуп кетет. Окумуштуулардын изилдөөсү боюнча, баланын көрүүсү, угуусу, жыт жана даам билүүсү аркылуу алган маалыматы мээсине бузулган абалда жетет же туура эмес иштелип чыгат. Ошондуктан бала чоңдордун сөзүн түз эмес, баш аламан, түшүнүксүз түрдө кабылдайт. Адистер бул дарт менен эрте күрөшүү керек деп кеңеш беришет.
Макаланы толугу менен «Супер-Инфонун» жаңы, №994 санынан окуй аласыз.