Тажикстандын коопсуздук кызматы чек арадагы жаңжал боюнча кайрылуу жасады

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чек ара аскерлери Кыргыз мамлекети менен чек арадагы соңку окуялар боюнча билдирүү жасады. Ал Тажикстандын “Ховар” маалымат агенттигинин сайтына жайгаштырылды.

"Акыркы убакта чек ара тилкесиндеги кырдаалдын курчушуна алып келген Кыргыз Республикасынын жарандары жана чек арачылары тарабынан чагымчыл аракеттер көбөйдү", - деп айтылат билдирүүдө.

Жарыяланган маалыматка ылайык, 22-декабрь күнү саат 13:50 чамасында кыргыз номери тагылган Опел үлгүсүндөгү жеңил унаа Тажикстандын Лахш районунун Чашма конушунун аймагында чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалган. Анын ичинде 4 куралдуу кыргыз чек арачылары болгон.

"Чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча сүйлөшүү жана түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө, кыргыз чек арачылары бул аракеттерди өздөрүнүн жетекчилеринин көрсөтмөсү боюнча жасагандыгын айтышкан", - деп айтылат маалыматта. Келишимдерге ылайык, кыргыз чек арачылары Кыргыз өлкөсүнө кайтарылган.

Ошондой эле 22-декабрь күнү Тажикстандын Согди облусунун Хистеварз конушунда Кыргыз өлкөсүнүн номери тагылган күйүүчү май ташыган унаа да чек арадан мыйзамсыз өткөн. Бирок чек арачылардын талабына баш ийбей, качып кетүүгө аракет кылып кармалган. Кармоо учурунда айдоочуга залал келтирилген эмес. Мындан тышкары ведомство дагы бир фактыны келтирет. Анда 22-декабрда саат 23:00 чамасында Согди облусунун Исфара шаарына жакынкы айылдардын бириндеги үйдү Кыргыз жарандары аткылашкан. Ок Кыргыз өлкөсүнүн Май айылынан атылган. Анын кесепетинен үйдүн терезелери сынган, эч ким жабыркаган эмес. Билдирмеге караганда, жогорудагы бардык чек ара окуялары боюнча тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн деңгээлинде жумушчу жолугушуулар өткөрүлүүдө.

Эскерте кетсек, 22-декабрда Максат айылында ок атышуудан 47 жаштагы суу ташуучу унаанын айдоочусу жабыркаган. Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, Тажикстан Республикасынын чек ара өкүлдөрү тажик аскер кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамсыздыгын жана алардын мыйзамсыз курал колдонгондугун моюнга алышкан. Ошондой эле алар «бул ашынган фактыга жол берген чек арачылар жоопко тартылат» деп ишендирип, бул окуяны Аскердик прокуратурасы иликтерин кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
-FREEDOM-
2021-12-24 17:09:44
Жалганчылар
+15
-FREEDOM-
2021-12-24 17:34:29
Суттон ак болуп чыга келдиго
+11
nazira...
2021-12-24 17:48:20
Тооба, кандай адамдар өзү тажиктер. Бир гана кудай берсин жазасын, кимиси болбосун.
+16
Rusbayastan
2021-12-24 18:04:58
Биздин бийлик эмне деген жооп кайтарат экен.
+8
AdylbekB84
2021-12-24 18:08:35
Бийликтен Ислам Каримовко окшоп Имомали кетмейинче оңолбойт окшойт бул тажиктер, ыйман берсин буларга, каратып туруп жалган сүйлөйтко! Ыйык орозо айында басып кирген чумхири тажиктер, бул дооматы юрундаго буларга!
+14
himik
2021-12-24 18:29:04
Контрабанданы айтып атат булар, чын эле бизден аларга товарлар кирип аткандыр. Акчанын кулу болбой бир аз напсибизди тыйа албай атабыз. Акча үчүн энесин сатканга даяр контрабандистер!
+11
Esenali
2021-12-24 19:12:51
himik,контрабанданы токтотуп болбойт экен, телефондо суйлошуп жаткандарын уктум бугун БК комур алып барып берем бир ушуну дагы корчу деп тажике суйлоп атат
+3
Mister-XXX
2021-12-24 20:57:39
himik,Контрабандисттерди атып,камап салсын.Тажикстанга эч нерсе киргизбеш керек.
+4
Sanjura
2021-12-24 18:34:00
Тууй ата буларды эмне деп атарыңды билбейсиң.Иттен тарагандарго тажиктер
+5
IOA
2021-12-24 18:36:01
Булар цыгандардан жаман калк
+7
Goodyer
2021-12-24 18:36:13
Айып озубуздо болунуп жарылып мамлекетти талап тоноп журсок
+9
futboler
2021-12-24 20:29:17
Бул лөлүлөрдөн ар нерсени күтсө болот.
+4
erkegenje
2021-12-24 21:18:09
Товар откоргон аяаш аваларды туюруш керек чк лар шерик барын катуу жазага тартыш керек
+4
Usmanbekali
2021-12-24 21:50:01
Чек ара толук жабылып, бүт нерсе кымбаттап,тартыш болуп,Тажиктердин айласы кетип чыдамы түгөнө баштады, Кандай жол менен болсо да акыры бир чоң жаңжал чыгарганы калды окшойт...Ар бир жаран мобилизацияга даяр туруу керек күнүгө,бир маал чуркап ден тарбия, физикалык жактан конугуп,мен толук көзүм жетип даярданып жатам физикалык жактан...
+2
Maku1
2021-12-25 01:38:23
Лейлектен Чүйгө көчүп келген кошунам 2 жыл мурда айтты эле, лейлектик туугандарым контрабанда менен байып жатышат, биз бул жакта алардай бай эмеспиз деп
+4
Antiradikal10
2021-12-25 12:21:02
Байрактарды алдык деп эненер эгиз туугандай кубанып жаттынар эле го?!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан