"Поле Чудес" көрсөтүүсү жаңы форматта кандай ат менен чыгары белгилүү болду

Орусиялык белгилүү "Поле чудес" долбоорунун продюссери алмашса дагы аталган долбоор өз атын сактап калат. Бул тууралуу Биринчи каналдын басма сөз кызматы кабарлаган.

"Биринчи канал жана буга чейин көрсөтүүнү чыгарган ВИД телекомпаниясы аталган долбоордун тарыхый атын сактап калуу чечимине келишти. Программанын алып баруучусу мурдагыдай эле Леонид Якубович болот. Долбоор Биринчи каналдын тарыхынын бир бөлүгү", - деп билдирген басма сөз кызматы.

Мындан тышкары, телеканал менен телекомпания бул көрсөтүүнү башка каналдарда көрсөтпөө боюнча макулдашышкан. ВИД ошондой эле Биринчи каналга бир жарым миңден ашык эпизодду түзгөн программанын бүт архивин өткөрүп берет.

Жаңы форматтагы "Поле Чудес" көрсөтүүсү 2022-жылдын январь айында экранга чыгышы күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
erkegenje
2021-12-24 21:09:11
Биздин теле дегилер качан Бир ушуга окшогон жагымдуу теле беруулорду уйуштурушат экен
+9
Bishkek-Kg
2021-12-24 23:32:59
erkegenje, Алар уйуштура алышпайт, дуурап чыгышат!!!
+4
Tilek.Kojoev
2021-12-25 05:19:17
Леонид Якубовичти каза болду деп жатышпады беле?
-1
Baatirbek81
2021-12-25 19:33:43
Tilek.Kojoev,аны биринчи апрельде уксаң керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан