СССРдин Эл артисти 71 жаштагы Алла Пугачёва өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына макияжсыз түшкөн сүрөтүн жарыялады.
Маалыматка ылайык, ырчы сүрөткө өз үйүнүн короосунда жүрүп түшкөн. Ал ак куртка кийип, кар баскан аймакты аралап жүргөн.
Ырчынын бул сүрөтү күйөрмандарын таң калтырды. "Бул ким?", "Ийгиликсиз сүрөт", "Таң калычтуу сүрөт" деп жазып калтырган ырчынын күйөрмандары.
Ошол эле учурда айрымдар ырчынын бетине бырыш түшпөгөнүн айтып, жылуу пикирлерин дагы жазып калтырышкан.
Алла Пугачёва бешинчи жолу турмушка чыккан. 44 жаштагы шоумен Максим Галкин экөө бир уул, бир кызды тарбиялап келе жатат.