Бүгүн, 18-ноябрь күнү КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев расмий сапары менен Корея Республикасынын Сеул шаарына келди. Алмазбек Атамбаевди Корея Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Ким Кю Хён менен Корея Республикасындагы Кыргызстандын элчиси Дүйшөнкул Чотонов тосуп алышты.
18-20-ноябрь күндөрүнүн аралыгында өтүүчү сапар Алмазбек Атамбаевдин Корея Республикасынын Президенти Пак Кын Хэ, Улуттук ассамблеянын спикери Кан Чан Хи менен жолугуусу жана кыргыз-корей инвестициялык форумуна катышуудан турат.