Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 18-ноябрда Орусиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкинге жана Орусия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенкого Казань шаарындагы авиакырсыкка байланыштуу көңүл айтуу жөнөттү.
Көңүл айтуунун тексти:
“2013-жылдын 17-ноябрында Казань (Татарстан) шаарынын аэропортундагы көптөгөн адамдардын өмүрүн алып кеткен Boeing 737-500 учагынын авиакырсыкка кабылышы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан авиакырсыктан каза болгондордун жакындары менен туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам”.