Казакстандын Алматы шаарында 17-ноябрда өрттөнгөн “Кулагер” жана “Арал” базарынан кыргызстандык жарандар зыян тартышты. КРнын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, бул базарларда көбүнчө кыргыздар иштейт. Өрттөнгөн базарлардын аянты 3 миң чарчы метр. “Кыргызстандын аталган шаардагы башкы консулдугунун кызматкерлери 18-ноябрда мекендештер менен жолугушту. Алар базар убактылуу жабылганын айтышты. Учурда өрт кырсыгынан жабыркаган кыргыз жарандарынын саны такталууда”,- деп билдирет министрлик.