Орусиянын президенти Владимир Путин менен Беларустун президенти Александр Лукашенко 29-декабрда Санкт-Петербургда жолугушат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго таянып жазып чыгышты.
"Чынында эле жолугушуу белгиленген, алар КМШнын бейформал саммитинде жолугушат. Андан ары жаңы жылга чейин кандай чечимдер кабыл алынат, мен билбейм", - деп билдирген Песков.