"Талибан" кыймылы унааларда музыка коюуга тыюу салды

"Талибан" кыймылы унааларда музыка коюуга жана хиджаб кийбеген аялдарды ташууга тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул буйрук жазуу жүзүндө бар, анын жоболору айдоочуларга эскертилди. Азыр аялдарды хиджабсыз унаада алып жүрүүгө тыюу салынган.

Буга чейин "Талибан" кыймылы Ооганстанда бардык тойлордо жандуу музыка колдонууга жана эркектер менен аялдардын чогуу отуруусуна тыюу салганы кабарланган.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
alimbek94
2021-12-26 11:59:50
Диний шарият менен жыргайбыз деген билимсиз динбаш талибтер элин караңгылыка, жакырчылыка такап салды. Жада калса аялдарын ооруканага эркин барууга тыйуу салып коюшуптур айбан динбаштар.
Эч качан молдонун кыл дегенин кылбаш керек.
Булардын диний эрежеси аялдардын мүмкүнчүлүгүн, эркиндигин чектөөгө, эркектердин үстөмдүгүн жогорулатууга багытталган.
Кудайдын сөзүн айтып жатабыз деп карандай калпты айта беришет. Куранда жазылган нерселер, арабтардын оозунан гана чыккан сөздөр.
0
bosmos77777
2021-12-26 13:51:54
alimbek94,Тенирим жалгасын! Бар бол! Эркин Кыргыздын Айкол Манастын урпагы. Кыргызды Оз озогуно кайтаралы. Арабкулдук аарылтаалы.
-13
alimbek94
2021-12-26 12:05:07
Аялдардын бети башын мажбурлап хиджабка тумчулап, үйгө камап салышты, муну менен коомдо аялдардын баалугу, баркы өсүп кеткен жок Тескерсинче экинчи сорттогу адам катары каралып калды.
-8
bayern-munchen
2021-12-26 12:13:02
alimbek94,бизде демократия деп анда катыны голый кылып ээрчитип ал заманбап болосун аялыны коруп эркектер суктанса аялынын даражасы которулот даамын татып корсо бааланат ээ ошент анда тууган
+4
ayzhan12
2021-12-26 14:30:25
bayern-munchen,
Сага окшогон сакалчан молдо сымалдар башкалардын жеке жашоосуна тумшугун матыра бергенди токтотушса. Аялдардын жашоо шартын, түйшүгүн молдолор жеңилдетип жатсаңар дагы.
-5
bayern-munchen
2021-12-26 14:46:10
ayzhan12,мен молдо эмесмин бирок динимди суйом Аллахты суйом аялдын денесин Аллах кооз Жана кымбат кылып жараткан сага окшогондор ошол кооз кымбат нерсенин баркын бекер кылып койдунар келип пайдалана бергиле деп
+2
nazira...
2021-12-26 12:36:21
alimbek94,өлүп кетпейби сага алар, сени антип мажбурлаган эч ким жок го. Кудайга шүгүр деп жашай бербейсинби мынтип ар нерсени жаза бербей. Молдолорго асылганың асылган, асыла берип жаназасы жок көмүлүп калба, тооба кыл азыртан.супер инфо жазгандан да сен көп жазыпсын, же тажабайсын.
+7
Arzybekkg
2021-12-26 12:45:22
alimbek94,сени ошол авганистанга апарып таштап коюш керек экен... Ошондо Кыргызы молдолорунун кадыр баркына жетесин.. Ошондо Кыргызстандын демекратиялуулунун даражасын сезесин
+2
Antiradikal10
2021-12-26 12:56:44
Биз сабак ала турган нерсе. Арабызда радикалдашып кетип жаткан чала молдолордун саны кун санап осуп жатканы калппы же? Ачык эле айтышууда, музыка угуу харам, мен олко мыйзамдары боюнча эмес, шарият менен жашайм ал бул дешип. Мунун акыры Афганистанданы жашоого алып барат. Эгер радикалдар тилегине жетип Кыргызстан халифатка айланса...

Мисалы музыка угуунун зыяны эмне? Музыка каныбызда бар. Же комуз, кыл кыяк ж.б. кечээ гана чыга калдыбы?
+6
gulam
2021-12-26 16:14:46
Antiradikal10, ко-ту жебе
-9
Dembele84
2021-12-26 18:06:33
gulam,gyl-am
0
Antiradikal10
2021-12-26 12:59:19
Айдоочу музыка коюп алып сапарын улап кетип жатса, келин радио коюп алып уй жумуштарын жасап жатса, абышка кемпир радио коюп алып радиодон куттуктоо, салам-дубай угуп жатса, эмнеси жакпай жатат силерге?! Радио, телевизор, телефонду унутуп кечке Куран аяттарын угушу керекпи эл?
+5
baisogur
2021-12-26 13:03:40
Алимбек Айжан Радикал ушулар бир адамдын ниги озу ар ник менен кирип башты оорутту
+3
Antiradikal10
2021-12-26 13:49:46
baisogur, далилин барбы кемчонтой? Учоо бир ник экени боюнча?
0
Tursunbaev1978
2021-12-26 14:17:21
baisogur,дагы бирөөнү ачты bosmos77777
0
EddieNigma
2021-12-26 13:05:32
Ошондо эмне музыка харамбы? Харам болсо башка дин издей башташ керек экен.
-1
bond02
2021-12-26 14:02:20
Живой ырдап жургуло деген го.
-2
Antiradikal10
2021-12-26 15:11:58
bond02, живой ырдаган бирин олтурушту го.
+1
ayzhan12
2021-12-26 14:04:53
Музыка укпай, арабтардын идеялогиясын уккула дегени да.
+2
KaGaH
2021-12-26 14:14:23
Алимбек бул Айжан
+3
Asmat84
2021-12-26 14:20:56
Назира Айтбекованы алып барыш керек экен ошол жака
-1
Sa89ai
2021-12-26 20:46:18
Биздин олкобуз тынч болсо болду,талибандыктар шымын чечип башына кийип албайбы !!!
+4
Tursunbaev1978
2021-12-26 20:52:30
Sa89ai,жардың))))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан