Мьянмада аскердик чабуулдан кийин кеминде 35 кишинин күйүп кеткен денеси табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сөөктөр күйүп кеткен сегиз унаадан жана беш мотоциклден табылган. Куралдуу этникалык Карен улуттук биримдигинин өкүлдөрү алгач токтоп турган унаалардан чыккан түтүндү, андан соң сөөктөрдү көрүшкөн. Аталган биримдик бул окуяга жума күнү аймакта болгон Мьянманын аскер күчтөрүн күнөөлөдү.