Ош шаарынын борбордук бөлүгүндөгү эски көпүрө 2012-жылдын май айында эле "талапка жооп бербейт" деп табылган. Муну шаардагы Архитектуралык курулуш башкармалыгынын башчысы Калмамат Анапияев айтты. Буга байланыштуу бир жыл мурун эле мэрияга кат жөнөтүлүп, көпүрөнү жаап салуу сунушу айтылган. Көпүрөнүн пайдубалы талкаланып, чоң кооптонуу жаратып келгенин айткан Анапияев көпүрөнүн иши өз убагында токтотулду деген ойдо.
Айта кетсек, учурда эски көпүрө бузулуп, ордуна жаңысы курулууда. Төмөндө кооптуу абалга келген эски көпүрөнүн сүрөттөрү.