Ош шаарындагы борбордук көпүрөнүн курулушуна шаардагы бардык медициналык мекемелердин кызматкерлери бир күндүк маянасын которушту. Муну Ош шаардык мэриясы кабарлады. Чогулган акчанын суммасы 49 595 сом болуптур. Айта кетсек, буга чейин көпүрөнүн курулушу үчүн шаар тургундары да өз каалоолору менен каражат топтошкон. Банктык эсеп ачылып, ага да акча түшүп жатканын мэрия маал-маалы менен кабарлоодо. 1-ноябрга карата банктык эсепке чогулган акча 250 миң сомду түзгөнү кабарланган болчу.