Түркияда 20 жаштагы кыз бетине күкүрт кислотасын чачып, жүзүн бузган жигитке турмушка чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 20 жаштагы Берфин Озек 2019-жылы Түркиянын түштүк-чыгышындагы Искендерун шаарында болгон тымызын чабуулдун курмандыгы болгон. Кислота ажарлуу студенттин жүзүн бузган. Ошондон кийин анын бир көзү сокур болуп калган.
Ага кислота чачкан адам кыз сүйлөшүп жүрүп таштап кеткен мурдагы жигити болгон. Бул үчүн ал мыкаачылык менен андан өч алган. "Эгер мен сени ала албасам, сени эч ким албайт" деген жигит кислота чачардан мурун.
Андан кийин жигити камакка алынып, сот кылмышкерди 13 жарым жылга эркинен ажыраткан. Бирок жигиттин жолу болуп, мыйзамдагы өзгөртүүлөр жана коронавирустук пандемияга каршы күрөшүү чаралары аны шарттуу түрдө бошотууга алып келген.
Жигит темир тор артында отурганда кислота чачкан кызынан кат аркылуу кечирим сурап, сүйүүсүн билдирген. Андан кийин, эркиндикке чыккандан кийин дароо анын колун сураган.
Жыйынтыгында кыз аны кордогон адамды кечирип эле койбостон, ага турмушка чыккан. Кыздын үй-бүлөсү бул чечимге таң калышкан.
"Ал бизге билгизбей эле үйлөнүп алды, мен ал үчүн көп жылдар күрөшкөм, бирок баары текке кетти", - деген кыздын атасы.
Социалдык тармактарда жаңы үйлөнгөн жубайлар катуу сынга кабылды. "Дүйнөдөгү эң келесоо эркек ким деп сурашса, мен бул аялдын атын айтып жооп берем. Кийинки жолу бул киши анын терисин тирүүлөй сыйрып алат", - деп жазган колдонуучулардын бири.