Талантбек Исаев: "40 миң унаага ылайыкташкан Бишкекте учурда 304 миң унаа жүрөт"

Мурунку Фрунзе шаары 40 миң унаага ылайыкташтырылган, бирок бүгүнкү күндө Бишкектин жолдорунда 304 миң унаа жүрөт. Бул тууралуу ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаев 18-ноябрда өкмөттүн жыйынында билдирди.

“Бул көрсөткүч белгиленген нормадан бир топ жогору, аймактардан келген унааларды кошкондо Бишкекте унаалар андан да ашып кетет. Ошондой эле Кыргызстанда катталган унаалардын саны 800 миңден ашты”,- деди Талантбек Исаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан