2021-жылы балдар арасында эң көп суроо-талапка ээ болгон тиркемелер айтылды

2021-жылы дүйнө жүзү боюнча балдар арасында эң көп суроо-талапка ээ болгон тиркемелер айтылды. Чет элдик ачык булактарда кабарлангандай, быйылкы жылы YouTube видоехостинги эң көп колдонулган.

Сентябрдан ноябрга чейин балдар YouTube`да эң көп убакыт өткөрүшкөн. Экинчи орунда 19 пайыздык үлүш менен WhatsApp мессенжери, үчүнчүдө TikTok.

"Балдар YouTube`дан көбүнчөсү оюндарды издешкен. Ал эми музыка, тасма жана мультфильмдер мынчалык суроо-талапка ээ болгон эмес. Мындай талдоо жүргүзгөн "Каспер лабораториясы" ата-энелерге баланын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн анын интернетке, тиркемелерге болгон кызыкчылыктарынан кабардар болууну сунуштаган. Мисалы бала менен биргеликте таанымал блоггерлерди көрүп, ата-энелик көзөмөл колдонмолорун колдонууну белгилешкен", - деп айтылат маалыматтарда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан