Жогорку Кеңеште бүгүн, 19-ноябрда “КРда санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча программанын жүзөгө ашырылышы тууралуу” парламенттик угуу өтөт. Аны ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети менен Бишкектеги ЕККУ борборунун жана “Саясий партиялардын парламенти” коомдук бирикмеси биргеликте уюштурууда.
Иш-чарада “Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча программанын жүзөгө ашырылышы боюнча” Транспорт жана коммуникация министрлигинин жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жумушчу топторунун ишинин жыйынтыктары, ушул программаны ишке ашырууга байланышкан башка маселелер талкууланат.
Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү жана башкалар катышат.