Орусиянын "ЛДПР " партиясынын башчысы Владимир Жириновский коронавирус илдетинен өлүмдөрдүн көбөйгөнүн жана башка себептерден улам Жаңы жылдан кийинки эс алуу күндөрдү жокко чыгарууну сунуштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жириновскийдин айтымында жаңы жылдык майрам күндөрү кылмыштуулук күчөп, экономикалык чыгашалар көп болот.
Ал эми жаңы жылдагы эс алуу күндөрдү жарандар жайкы же башка учурдагы эмгек өргүүсүнө кошуп алууну сунуштайт.