Италияда териси баалуу жаныбарларды өлтүрүүгө тыюу салынды

Италияда баалуу териси үчүн жаныбарларды өлтүрүүгө толугу менен тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарында жазылды.

Басылмаларда жазылгандай, мындай чечим Италиянын Сенатынын бюджеттик комитетинде кабыл алынды.

"Италияда норканы баккан бардык он ферма жакында жабылат. Анткени өлкөдө жаныбарларды өлтүрүүгө тыюу салынган.

Европа өлкөлөрүнүн ичинде Италия мындай тыюуну же олуттуу чектөөлөрдү киргизген өлкө катары жыйырманчы орунду ээлейт. Ал эми Израил өлкөсүндө жаныбарлардын терисинен жасалган буюмдарды сатууга тыюу салынган", - деп жазылат маалыматта.

Белгилеп өтсөк, акыркы жылдары териден жасалган буюмдардан көпчүлүк ири мода үйлөрү баш тарткан. Алардын арасында Armani, Prada, Calvin Klein, Hugo Boss, Ralph Lauren жана Gucci дагы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан