"Талибан" кыймылы Кабул шаарында аялдарга ок чыгарды

Ооганстанды басып алган "Талибан" террордук уюмунун согушкерлери Кабул шаарында демонстрацияга чыккан аялдарга карата ок чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, окуя Кабул шаарындагы италиялык гуманитардык уюмдун ооруканасынын жанында болгон. Азырынча ок чыгаруудан каза болгондор жана жаракат алгандар боюнча маалымат жок.

Буга чейин "Талибан" кыймылы Ооганстанда бир нече телеберүүлөрдү, анын ичинде аялдардын катышуусундагы программаларды көрсөтүүгө тыюу салган.

Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Toxa76
2021-12-29 10:11:17
Биздеги дежур митингчилерди да эки талибанды алып келип коркутуп коюш керек.
+1
ayzhan12
2021-12-29 11:33:13
Келесо дин баштар аялдарды эмне кордоп жатышат. Аялдар талибтердин жеке менчиги эмне
-3
KaGaH
2021-12-29 15:38:42
ayzhan12,сени ошол жака алпарып талибанга салып бериш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан