АКШдагы беделдүү спорттук журнал көчмөндөр оюндары тууралуу даректүү тасма тартты


АКШдагы "Sports Illustrated" аттуу ири спорттук журнал көчмөндөр оюндары тууралуу даректүү тасма чыгарышты. Бул тууралуу котормочу Касым Рахманкулов Фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, жогоруда аталган журналдын өкүлдөрү 2018-жылы Кыргыз өлкөсүнө келип, көчмөндөр оюндары тууралуу даректүү тасма тартышкан.

"Мен продюсер Бен Тейтельбаум жана оператор Райан Митчелге котормочу, жардамчы, айдоочу болуп күнү-түнү иштедим. Алардын көзү менен АКШнын көрүүчүлөрү көчмөндөр оюндарынын түпкү маанисин, көчмөндөрдүн философиясын көрө алышты. Тасманын көпчүлүк бөлүгүн, албетте, көк бөрү оюну ээледи. Мен Фейсбук автордук укук маселелеринен улам видеолорду бөгөттөп коюшу мүмкүн деп кооптонуп жатам. Азырынча ролик бир дагы ачык булактарга жүктөлө элек", - деп жазат Касым Рахманкулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан