Кыргызстан жана Корея Республикасынын президенттери Алмазбек Атамбаев менен Пак Кын Хэ жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 19-ноябрь күнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди Корея Республикасынын президенти Пак Кын Хэ “Ачык көк” ак сарайынан тосуп алды. "Сизден алты жыл мурун премьер-министр болуп турганыңызда Корея Республикасына иш сапары менен келип кеткениңизди уктум. Дагы бир ирет өлкөбүзгө расмий сапар менен келгениңизге кубанычтамын. Сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өтөт деп ниет кылам",- деди Пак Кын Хэ.

Эки тараптуу жолугушууга кыргыз делегациясынан биринчи вице-премьер Жоомарт Оторбаев, Корея Республикасындагы Кыргызстандын элчиси Дүйшөнкул Чотонов, Жогорку Кеңештин депутаты Роман Шин жана башкалар катышты.

Маалымат үчүн: Пак Кын Хэ Корея Республикасынын президенттик кызматына үстүбүздөгү жылдын 25-февралында киришкен. 1963-1979-жылдары өлкөнү башкарып турган президент Пак Чон Хинин кызы. Апасы 1974-жылы, атасы 1979-жылы болуп өткөн кол салууларда өлтүрүлгөн. Саясий ишмердүүлүккө өмүрүн арнаган Пак Кын Хэ үй-бүлө курбаганын “мен мекениме турмушка чыккам” деп түшүндүрүп келет. 61 жаштагы Түштүк Корея лидеринин бала-чакасы да жок.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан