Владимир Путин Эмомали Рахмонго: "Тажикстандын коргонуу бөлүгүн чыңдоо максатында жигердүү иштеп жатабыз"

Кечээ, 28-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин Санкт-Петербург шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу Орусия президентинин расмий сайтына жарыяланды.

Жолугушууда Орусия президенти Тажикстанга сырттан келип жаткан ар кандай коркунучтарга натыйжалуу каршы туруу үчүн зарыл болгон курал-жарактарды жана техникаларды жеткиргенин белгиледи.

"Биз Тажикстандын коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо багытында жигердүү иштеп жатканыбызды билесиздер. Жакында эле биздин макулдашууларга ылайык, Тажикстандын куралдуу күчтөрүн чыңдоо максатында, Тажикстанга сырттан келип жаткан ар кандай коркунучтарга натыйжалуу каршы туруу үчүн зарыл болгон курал-жарактарды жана техникаларды жеткирүү ишке ашырылды.

Тажикстан биздин ишенимдүү жана жакын союздаштарыбыздын бири. Биз бардык тармактарда мамилелерди абдан активдүү өнүктүрөбүз. Бул коопсуздук маселелерине да тиешелүү. Азыр Ооганстан менен чек арадагы кырдаалга байланыштуу биз сиздер менен ар дайым байланыштабыз", - деген Путин.

Мындан тышкары, Владимир Путин Тажикстандын экономикасын чыңдоо максатында миграция маселеси дагы тездик менен чечилип жаткандыгын баса белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
EddieNigma
2021-12-29 10:04:34
Путлер менен Си эки тараптан окупация кылгыча, өлкөбүзгө АКШнын базаларын орнотуп, НАТОго заявка ташташ керек.
+3
erkegenje
2021-12-29 10:10:52
EddieNigma,туура айтасын Туган армияны онуктруу керек НАТО менен
+3
Sultan22u
2021-12-29 10:30:39
Акшнын военный базасын чыгарбаш керкек еле,арендасына канча миңдеген доллар төлөп и Россия менен балансты кармап турат еле.Бакиев туура саясат жүргүзгон екен.Акш менен Россия бири биринен кызганып турат еле.
+1
nazira...
2021-12-29 10:31:38
Кыргыздардан коргонуу учунбу. Окшошкон акмактар,чектеш турган бирини авганистан, бириңи украина сазайыныңарды берсин.
+5
Gulina00
2021-12-29 11:18:09
Тажикстанга коп жардам корсото баштады бул.Сасыктар любой момент чаликтигин корсотот,жакшылыкты билбеген лолулор.
+3
Tyttty1990
2021-12-29 11:53:46
Орус менен дос болсоң ай балтанды ала жүр деп бекер айтылган эмес.
Бизди туркияга ооп кетти деп уже давление башталды.
Эртең жаңы жылдан кийин мигранттар не болот ким билет
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан