Казакстандын "Самрук-Казына" фондунун жетекчиси Алмасадам Саткалиев Алматы облусундагы Улкен айылы атомдук электр станциясын курууга эң ылайыктуу экендигин билдирди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
"Улкен айылы атомдук электр станциясын курууга рельефи жактан төп келүүдө. Ал жерде 500 киловольттук линиялардын эң чоң тармагы, "ЮКРЭС 500" негизги көмөкчордон бар. Мындан улам бул участок атомдук электр станциясын курууга абдан ыңгайлуу", - деген ал.
Анын айтымында, бул маселе учурда каралып жатат. Ошондой эле Саткалиев көмүртектүү нейтралдуулукка жетүү максаттарынын негизинде жана бул жерде газ инфраструктурасынын жоктугун эске алуу менен АЭС куруу эң оптималдуу чечим экенин белгилеген.
Казакстандын Улкен айылы Бишкек шаарынан 440 чакырым алыстыкта жайгашкан.