Кыргыз-корей тараптарынын ортосунда 3 документке кол коюлду

Бүгүн, 19-ноябрь күнү Кыргызстан менен Корея Республикасынын ортосунда 3 документке кол коюлду. Алар: өкмөттөр аралык кайтарымсыз жардам тууралуу макулдашуу, айдоочулук күбөлүктү өз ара таануу жана алмаштыруу боюнча макулдашуу, Кыргыз республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен Корея Республикасынын Өнөр жай, соода жана ресурстар министрлигинин ортосунда өз ара түшүнүүчүлүк жөнүндө меморандум. Кыргыз тараптан кол коюуга биринчи вице-премьер Жоомарт Оторбаев менен энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев катышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан