Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун улуу кызы, Чеченстандын маданият министри Айшат Кадыровага "Чечен Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" наамы ыйгарылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, Кадырова Маданият министрлигинин ишинде көптөгөн алгылыктуу өзгөрүүлөрдү жасагандыгы баса белгиленген.
Буга чейин Рамзан Кадыровдун 20 жаштагы кызы Хадижат Кадырова Грозныйдагы мектепке чейинки билим берүү департаментинин башчысы болуп дайындалган.