Америкалык актёр жана саясатчы Арнольд Шварцнеггер жубайы Мария Шрайвер менен он жылдык соттошуудан кийин расмий түрдө ажырашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, жубайлар 2011-жылы Шварцнеггердин үй кызматчысынан уулдуу болгондугу тууралуу маалымат ЖМКларга чыккандан кийин ажырашып кетишкенин жарыялашкан. Он жылдан ашык убакыт өткөндөн кийин, жубайлар расмий ажырашууга жетише алышкан.
Соттун мындай узакка созулушун "мотивациянын жоктугу" жана мүлктү бөлүштүрүү боюнча талаш-тартыштарды чечүүнүн кыйынчылыгы менен түшүндүрүлгөн. Булактардын айтымында, соттук процесс болжол менен 400 миллион долларга зыян келтирип, анын натыйжасында мүлк дээрлик экиге бөлүнгөн.
Жубайлар 1986-жылы баш кошуп, төрт балалуу болушкан.