Жогорку Кеңеш: Кыргызстанда санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча маселе каралып баштады

Бүгүн, 19-ноябрда Жогорку Кеңеште “КРда санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча программанын ишке ашырылышы жөнүндө” парламенттик угуу башталды. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү жана башкалар катышууда.

 

Депутат Каныбек Осмоналиев иш-чараны ачып, санариптик берүүгө өтүү боюнча сөз сүйлөдү.

 

Парламенттик угуунун негизги баяндамачысы, депутат Роза Акназарова КРнын эл аралык макулдашууларга ылайык, 2015-жылы аналогдук берүүнү токтотуп, санариптик берүүгө өтүү боюнча милдеттеме бар экенин, санариптик берүүгө өтүү менен атаандаштык күчөп, сапаттуу берүүлөр менен камсыздаларын баса белгиледи.  

Депутаттын айтымында, мындай тутумга өтүүнүн алдында өкмөт тарабынан кандай иштер жасалып жаткандыгын, эмне көйгөйлөр бардыгын, кабыл алынган өкмөттүк программанын алкагында эмне иштер жасалып жаткандыгын, тагыраак айтканда, бүгүнкү күндөгү реалдуу көрүнүштү талкуулоо зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан