Жогорку Соттун кызматкерлери иштен кийин топ тебишүүдө

КРнын Жогорку Сотунун Профсоюздук комитетинин колдоосу менен Жогорку Соттун аппарат кызматкерлерине 2 жыл бою кичи футбол ойноого шарт түзүлдү. Кызматкерлер жумуштан кийин топ ойноо менен алектенип жатканын аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

“Кыргызстанда кичи футбол күндөн-күнгө өтө популярдуу болуп жатканы белгилүү. Бул спорттун түрү менен көпчүлүк мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери машыгууда, анын ичинде Жогорку Соттун кызматкерлери да бар”,- деп билдирет мекемеден.

 

Маалымат үчүн: КРнын Жогорку Сотунда 35 судья, 92 кызматкер, техникалык жана кенже кызматкер иштейт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан