"Өлкө үчүн иштеп арыктап жатат...". Ким Чен Ындын арыктап кеткен сүрөтү талкууда

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын акыркы сүрөттөрү интернет булактарына тарап, анын арыктап кеткени талкуу чордонунан түшпөй келет.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Ким Чен Ын Түндүк Кореянын Эмгек партиясынын кезектеги отурумуна катышкан. Отурумда тартылган сүрөттөрдөн Ким Чен Ындын мурдагыга караганда арыктап калганын байкоого болот.

Ал эми Түндүк кореялык жалпыга маалымдоо каражаттары өлкөдө тамак-аш жетишсиздиги күч алып жаткандыктан Ким Чен Ын өлкө үчүн тамак аз ичип жатканын жазышкан. Ошондой эле аталган өлкөнүн телеканалдарында Ким Чен Ындын тамак аз ичкендиктен арыктап кеткени "элдин жүрөгүн жаралап жатат" деген маалымат айтылган.

Айрым маалымат булактарында өлкө үчүн жасалган жумуштун көптүгү жана оордугу анын арыктоосуна себеп болгонун белгилешкен. Мындан тышкары ал атайын, саламаттыгына кам көрүү үчүн арыктады деген кабарлар жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bond02
2021-12-29 22:42:05
Мурда канча адамдын тамагын иччу экен?
+3
Zynk
2021-12-29 22:45:53
bond02,сен чета детский бир приколдорду еле жаза берет экенсин!канчадасын?)))
+10
Chagylgan7
2021-12-29 22:58:34
Краш ))))Хе хе ,арыктаса кичине Озунун жашындай корунот экен
+4
Datka7777
2021-12-29 23:04:25
Бобик болуп калыптыр го
0
joke81kg
2021-12-30 00:28:18
Кореяда ким чен ындан башка семиз адам корбодум
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан