Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда мыйзамсыз
сакталып турган 810 бөтөлкө алкоголь табылды. Бул тууралуу 19-ноябрда Мамлекеттик
салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык
кызматынын Түштүк аймагы боюнча этил спиртин, алкоголь жана спирт ичимдиктерин өндүрүүнү көзөмөлдөө башкармалыгынын
кызматкерлери салыктар боюнча текшерүү жүргүзүшкөн. Спирт ичимдигин өндүрүүчү
жайдын шарттары талапка жооп
бербегендиктен, бөтөлкөлөр текшерүүгө жөнөтүлдү. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча
чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.