Бүгүн, 19-ноябрда ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинде балдарына алимент төлөбөгөн жарандардын жазасын катуулата турган мыйзам долбоору каралып, колдоо тапты. Депутаттар соттун чечимине карабай айрым адамдар балдары үчүн алимент төлөөдөн качып жатканын айтышты. Мыйзам кабыл алынса, жоопкерчиликтен качкан аталар төлөнчү алименттин суммасынан 3 эсе көп айып төлөмөкчү. Демилгечилердин бири, депутат Элмира Жумалиева “алимент төлөөдөн качкан жарандарды 2 жылга чейин эркинен ажыратуу керек” деп билдирди.