Тажикстан менен Өзбекстандын түштүгүндө, кыштын аномалдуу жылуу аба ырайынан улам бадам өсүмдүгү гүлдөдү. Мындай көрүнүштү Тажикстандын Хатлон облусунун бир катар райондорунда жана ошондой эле Өзбекстандын Сурхандарья жана Кашкадарья облустарында кезиктирүүгө болорун жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Бириккен улуттар уюмунун, азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун консультанты Бахтиёр Абдувохидов "эгерде кыштын кийинки айлары суук боло турган болсо, буга чейин гүлдөгөн өсүмдүктөрдүн түшүмүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн, тагыраагы үшүктөн кийин түшүм болбой калышы ыктымал", - деген.
Белгилей кетсек, өткөн жылы Тажикстанда аба ырайы жылуу болгондугуна байланыштуу өсүмдүктөр эрте гүлдөгөн, ал эми кышта аба ырайынын кескин өзгөрүшү менен өсүмдүктөр 2 үшүктөн калып, түшүм аз болгон.