Украинада билим берүү министринин орун басары жардамчысы менен түшкөн сүрөттүн айынан жумуштан алынды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Ага ылайык, билим берүү министринин орун басары Игорь Гарбарук өз каалоосу менен арыз жазып, министрлер кабинети тарабынан кызматынан бошотулган.
Сүрөттө Кристина Тишкун ачык, кара түстөгү көйнөгү социалдык тармактын колдонуучуларынын сынына кабылып, бир топ талкуу жараткан.
Анда Игорь Габарук 27 жаштагы жардамчысы Кристина Тишкун жана мэр Львов Андрей Садов менен жумуш учурунда жолугушууда түшүшкөн.