Өзбекстанда XIII - XV кылымдарга таандык сейрек кездешүүчү кол жазмалар жоголду

Өзбекстандагы Улуттук университеттин китепканасынан XIII - XV кылымдарга таандык ондогон сейрек кездешүүчү кол жазмалар жана китептер жоголду. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, алардын арасында орто кылымдагы акын жана ойчул Алишер Навоинин алтын таңгакталган “Хамса” дастаны жана XV кылымдын башындагы перс акыны жана тарыхчысы Шарафаддин Йаздинин “Зафар-наме” тарыхый хроникасы бар.

Бул китептердин дүйнөлүк рынокто баасы бир нече миллион долларга жетиши мүмкүн болгондуктан, чет өлкөгө контрабандалык жол менен ташылып кетиши мүмкүн деп болжолдонууда.

Басылмалар жазгандай, башкы прокуратура иликтөө иштерин баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан