АКШнын Айова штатында АКШнын президенти Жо Байденди, экс-президент Барак Обаманы жана Facebook`тун (Meta) негиздөөчүсү Марк Цукербергди өлтүрүүнү пландаган куралчан адам кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, кармалган адам Калифорниядагы супермаркеттин 25 жаштагы жумушчусу Куачуа Брийон Сюн аттуу адам экени аныкталган, ал азыр түрмөдө. Бийлик бул кишини АКШнын мурдагы президентин коркуткан деп айыптаган.
Куачуа Брийон Сюн жол кайгуул кызматынын кезектеги текшерүүсүнөн кийин кармалган адамдын унаасынан АР-15 мылтыгы, ок-дарылар, ок өтпөс жилет жана аптечкалар табылган. Шектүүнүн айтымында, ал "бийликтеги адамдарды өлтүрүү үчүн" Ак үйгө барууну пландаган.