Казакстанда муз жарылып, Toyota Land Cruiser жол тандабасы сууга чөгүп кетти (видео)

Коңшу Казакстандын Актөбө облусунда муз жарылып, Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү жол тандабас сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар департаментинин басма сөз кызматы билдирген.

Министрликтин маалыматына караганда, 28-декабрда Land Cruiser Актөбө суу сактагычынын жээгинен 50 метрге чейин алыстап, муз жарылып сууга 2,5 метр тереңдикке чейин чөгүп кеткен.

"Балык уулоо үчүн барган унаанын айдоочусу менен жүргүнчүсү чыгып кетүүгө үлгүргөн. Куткаруу иштеринин натыйжасында, унаа суудан чыгарылды. Кырсык болгон жерде муздун калыңдыгы 5-7 сантиметрди түздү", - деп билдирген Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар кызматы.

Казакстанда Toyota Land Cruiser жол тандабасы муз жарылып сууга чөгүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2021-12-30 20:09:36
Өзү эле өпкөсү аз немелер чөкпөйбүз деп ойлошсо керек!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан