Казакстанда өлүм жазасы жоюлду

29-декабрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлүм жазасын алып салуу боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Казакстан парламентинин сенаты 23-декабрда өлкөдө өлүм жазасын толугу менен алып салуу боюнча мыйзамды кабыл алган.

"Бул мыйзамды кабыл алуу менен Казакстан өлүм жазасына мыйзамдуу түрдө тыюу салынган өлкөлөрдүн тобуна кошулду. Мындан тышкары, биздин өлкө өлүм жазасын толугу менен алып салууга багытталган эл аралык кыймылды колдой турганын далилдеп турат", - деген ал кездеги Сенаттын спикери Маулен Ашымбаев.

Белгилей кетсек, 2003-жылдан бери Казакстанда өлүм жазасына мораторий киргизилген, андан бери алардын бири да өлкөдө катталган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
atanazarov10
2021-12-30 17:39:44
Аябай сонун
-1
Baha.Kyrgyzstan
2021-12-30 18:13:21
Кыргызстанда киргизе албай атса булар алып салыптырго
+1
Romantik.
2021-12-30 18:34:59
Бизде коррупция, зордуктоо дегендерге киргизиш керек да
+5
Agayu
2021-12-30 19:33:26
Ким олум жазасын киргизууну кааласа , биринчи ОЗУ олум жазасына тартылсын .Пример болсун .Японияда ошондой болгон.
0
Marni
2021-12-31 06:09:31
Өлүм жазасын киргизүү үчүн сот адилеттүү чечим чыгарыш керек. Адилеттүү сот жок. Демек өлүм жазасы күнөөсүз адамдардын өмүрүн алып коёт.
0
Rahim76
2021-12-31 12:43:14
Олум жазасын алынганы менен, турмодо отурган жылы кобойлт .Мисалы оор кылмыш кылган адам 30-40 жылга кесилет.Ошончо отурганы, олгонун ошо да.
+1
Marni
2021-12-31 15:09:11
Өлүм жазасына жол жок! Кудайды ойнобой, кылмышкерлерди гумандуу жол менен жазалаш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан