“Бишкек-Парктын” алдына митингге чыккандарды милиция кармап кетти

Бүгүн, 19-ноябрда борбор шаардагы “Бишкек-Парк” соода-комплексинин алдына митингге чыккандарды милиция кармап кетти. Муну нааразычылык акциясынын уюштуруучусу болгон “Калыс” саясий кыймылынан билдиришти. Төрагасы Жеңиш Молдокматов жана анын тарапташтары тынчтык митингин өткөрүп жатышкан. 
 
Митинг уюштурууга төмөнкү окуя себеп болгону айтылган: 
 
2013-жылдын 20-октябрь күнү саат 11:00дө “Бишкек-Парк” ЖЧКсынын генералдык директору (де-факто) Али Ихсан (Түркия жараны) аталган комплексте маркетолог болуп иштеген Кыргызстандын жараны Айзада Ашимбаеваны өз бөлмөсүнө чакырып алып, уят сөздөр менен тилдеп, эч себепсиз, түшүндүрүүсүз жана тийиштүү кагаздары жок КРнын Эмгек кодексин жана эмгекке тийиштүү бардык мыйзамдарды одоно бузуп, жумуштан бошотуп жиберген. 
 
Митингге чыккан 7 адамды укук коргоо кызматкерлери кармап кеткени айтылды. Алардын талаптары “Бишкек-Парк” комплексинин жетекчилигин А.Ашимбаевадан жана кыргыз элинен кечирим суратуу болчу. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан