"Мага эки мүнөт гана беришти". Ооганстандын мурунку президенти Ашраф Гани Кабулдан кантип чыгып кеткенин айтып берди

Ооганстандын мурдагы президенти Ашраф Гани быйыл Кабулдан чыгып кеткени ооган борборун кыйратпоо үчүн зарыл болгонун Би-Би-Сиге берген маегинде айтты.


Ганинин айтымында, талибдер Кабулду 15-августта басып алгандан кийин, ал бул анын президент катары акыркы күнү болорун билбей ойгонгон. Талиптердин жактоочулары алгач Кабулга кирбөөгө макул болушкан, бирок эки сааттан кийин бул убадаларынан баш тартышкан.

Мурдагы президент Кабулду чечүүчү учурда таштап кеткени үчүн бир нече жолу сынга алынган, бирок Гани өзү бул анын коопсуздугу үчүн гана эмес, шаарды сактап калуу үчүн да зарыл экенин айткан.

"Мен акча алып чыгып кеткен жокмун"

"Ал мага эки мүнөттөн ашык эмес убакыт берди, - деди мурдагы президент. "Мурунку пландар боюнча мен Хостко (өлкөнүн түштүк-чыгышындагы ооган шаары) учууга даярданышым керек болчу. Бирок ал Хост алынганын айтты. Мен кайда учаарыбызды билчү эмесмин. Учкандан кийин гана Ооганстандан чыгып жатканыбыз айкын болду. Мунун баары күтүүсүз болду. Кошумчалай кетсем, өлкөдөн эч кандай акча алып чыгып кеткен жокмун" деген ал.

Гани өзүнүн президенттик кызматында ката кетиргенин, анын ичинде «эл аралык коомчулуктун чыдамы чексиз болот деп ойлогондугун» моюнуна алды. Бирок ал анын өкмөтүнүн кулашына талибдер менен АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамптын Ооганстандан америкалык аскерлерди чыгаруу боюнча келишими себеп болгон деп эсептейт.

"Тынчтык жараянынын ордуна артка чегинүү процессине ээ болдук. Талибан менен болгон келишим "бизди жер жүзүнөн жок кылды", - деген Гани.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
shejol
2022-01-01 11:43:57
Талиптер м.н тажиктердин айырмасы жок,сөзгө турбаган лолулор
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан