Алматыда 19 жаштагы студент Аяжан Едилованы өлтүргөн шектүүгө сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, соттук отурум жабык эшик артында өткөн. Сотко төрагалык кылуучу судья Эркин Майшинов иш материалдары менен таанышып чыгып, төмөнкүдөй өкүм чыгарган:
"Соттолуучу Төрөбеков Кылмыш-жаза кодексинин 120-беренеси ("Зордуктоо") боюнча 11 жылга, ал эми 99-беренеси ("Киши өлтүрүү") боюнча 19 жылга эркинен ажыратылсын. Жалпысынан айыпталуучу 25 жылга эркинен ажыратылды. Жабырлануучуларга келтирилген 26 миллиард 358 миллион теңге моралдык чыгым жарым-жартылай толтурулсун. Соттолгон Төрөбековдон жабырлануучулардын пайдасына 20 миллион теңге моралдык чыгым өндүрүлсүн”, - деген судья.
Эске салсак, ушул жылдын 20-мартында Аяжан Едилова мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Полиция кызматкерлери кызды батирлердин биринен денеси бөлүк болуп жаткан абалында табышкан.