Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы бүгүн, 19-ноябрда “Бишкек-Парк” соода борборунун алдына митингге чыккандар эскертүүнү укпаганы үчүн кармалып кетти” деп билдирди. Маалыматка таянсак, аталган жайда митинг кылууга болбой турганы уюштуруучуларга алдын ала айтылган.
Эскерте кетсек, митингди “Калыс” саясий кыймылынын өкүлдөрү уюштурмакчы болушкан. Алар аталган соода борбордон мыйзамсыз иштен айдалды делген айымдын таламын талашып, соода борборунун жетекчилигинен кечирим суратууну талап кылышарын айтышкан эле.