Кыргызстан – Корея өкмөттөрүнүн ортосундагы кош салык салуудан качуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

18-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев 2012-жылдын 11-декабрында Сеул шаарында кол коюлган "Кош салык салуудан качуу жана кирешелерге жана капиталга салыктарды төлөөдөн четтөөнү болтурбоо жөнүндө КРнын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КРнын мыйзамына кол койду.

Мыйзамга ылайык, КРнын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболор Кыргызстан тараптан аткарылганы жөнүндө кореялык тарапка кабарлоого тийиш.  

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан