2013-жылдын 18-ноябрында президент Алмазбек Атамбаев “2013-жылдын 11-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган “Финансылык секторду өнүктүрүү” долбоору боюнча Кыргызстан менен Эл аралык Өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КРнын мыйзамына кол койду.
Мыйзамга ылайык, КРнын Каржы министрлигине жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргызстан аткаргандыгы жөнүндө Эл аралык Өнүктүрүү ассоциациясына белгиленген тартипте билдирүү тапшырылды.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.