SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун тургуну кайрылды.
Окурман үйдүн техникалык паспортун алууда төлөм эмне үчүн банк аркылуу жүргүзүлбөйт деп суроо салды.
"Биз Жалал-Абад облусунда жашайбыз. Үйүбүздүн техникалык паспорту жок. Документ даярдайын деп архитектурага барганда 9 жарым миң сом бересиңер, компьютер иши бар жана башка иштерин айтты. Эмне үчүн ушул акчаны банк аркылуу төлөбөйбүз? Ушуну мамлекет көзөмөлгө алса.
Көпчүлүк тургундардын үйүнүн техникалык паспорту жок", - деди окурман.