Бүгүн, 19-ноябрь күнү президент Алмазбек Атамбаев менен Корея Республикасынын парламентинин спикери Кан Чан Хи жолугушуу өткөрдү. Кан Чан Хи: “Сиздер келгениңиздерге чейин аба ырайы жылуу болуп турган эле. Бирок кечээ күтүүсүздөн суук болуп кетти. Корейлерде эгерде аба ырайы кескин өзгөрүп кетсе, анда абдан күтүлгөн конок келет деп коюшат. Мага белгилүү болгондой, президент Пак Кын Хэ менен өткөн сүйлөшүү ийгиликтүү өтүптүр. 2005-2010-жылдардагы революцияларда сиздин лидерлик сапаттарыңыз салым кошкондугун уктум”, - деди.
Мамлекет башчы Түштүк Кореянын спикеринин жылуу тосуп алуусуна ыраазычылыгын билдирди. Андан ары эки революцияга токтолгон Алмазбек Атамбаев: "Эгерде бийлик элдин бакубаттуулугу үчүн иштесе, анда революциялар да болбойт. Сиздер да мындай окуялардан өткөнсүздөр. Эки калктын ортосунда окшоштуктар көп. Бүгүн президент Пак Кын Хэ айтып өткөндөй,кыргыз менен корейлер Алтайдан чыккан, корей тили алтай тилдер тобуна кирет.
1960-жылы бул өлкөдө Апрель революциясы орун алса, бизде 2010-жылы Апрель окуясы болуп өткөн. 50 жыл мурун сиздерде 187 киши каза тапса, бизде 87 адам бир-бирден атылган. Эки калкты эркиндиктин деми бириктирип турат. Сиздердин да, биздин да коңшуларыбызда мындай болгон эмес. Бир гана жол бар, ал демократиялык жол болуп саналат. Ошондуктан да биз парламенттик демократияны курууну чечтик. Биз бул жолду тандап алдык жана аны ишке ашырууда сиздердин жардамыңыздарга үмүт кылабыз",- деди.