Бишкектеги Эл аралык “Манас” аэропортунда жаңы сатып алынган Боинг 737-400 учагынын учуп келүү маалын журналисттер күтүп турушат. “Эйр Манас” авиакомпаниясынын өкүлдөрүнүн айтымында, учакка ээлик кылуу укугун расмий өткөрүп берүү аземине "Pegasus Airlines" түрк авиакомпаниясынын жетекчилиги келиши мүмкүн.