Дүйнөдөгү эң кичинекей аялдардын бири түркиялык Элиф Кожаман 33 жашында каза болду

Дүйнөдөгү эң кичинекей аялдардын бири түркиялык Элиф Кожаман 33 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 28-декабрда кыз Кадирли шаарынын (Түркия) жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, бирок абалы начарлап кеткен. Натыйжада Кожаман пневмониядан улам каза болгон.

Белгилей кетсек, 2010-жылы Кожаман "Гиннесстин рекорддор китебине" планетадагы эки кичинекей аял катары кирген. Кыздын бою 72,6 сантиметр болгон. 2011-жылы титул америкалык Бриджит Жорданга өткөн. Кыздын бою 3,6 сантиметрге кыска болгон. Азыр рекордчу индиялык Жиоти Кисанжи Амге, анын бою 62,8 сантиметр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан