"Бири колунан, экинчиси көзүнөн ажырап...". Италияда 15ке чукул адам Жаңы жылдык фейерверктен оор жаракат алды

Италияда 15ке чукул адам Жаңы жылдык фейерверктен жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Апеннин аралдарында 31-январга чейин COVID-19 пандемиясына байланыштуу массалык майрамдарга тыюу салынганына карабастан көптөгөн италиялыктар жаңы жылдын келишин салттуу фейерверк менен тосушкан. Жалпысынан 15ке чукул жаран жабыркап, алардын биринин көзүнө, экинчисинин көкүрөгүнө фейерверктен чыккан от тийген. Таранто шаарынын 40 жаштагы тургуну бузулган петарданын жарылуусунан оң колунан ажырап, Асколи Пичено шаарынан келген жигит да ушундай эле окуядан оор жаракат алган.
Жаңы жыл түнү италиялык өрт өчүрүүчүлөргө катуу майрамдардын натыйжасында 558 чакыруу түшкөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан