ДССУ: "Компьютердик оюндарга көз карандылык оору катары сыпатталат"

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) компьютердик кумар оюндарына көз карандылыкты оору катары расмий түрдө тааныды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Эл аралык окумуштуулардын изилдөөлөрүнүн жыйынтыгына ылайык, компьютер жана видео оюндарга ашыкча кызыгуу менен кумар оюндарына көз карандылык психиканын жабыркашын шарттайт. Бирок бул ооруну аныктоо үчүн жыл ичинде адамда үй-бүлөгө жана жашоонун башка тармактарына болгон агресивдүү мамилеси байкалышы керек. Ошол эле учурда такшалган медициналык адис гана диагноз коё алат.

Оору көз карандылык катары классификацияланат. Бир нече жыл мурун ДСУ видео оюндарга көз карандылыкты өзүнчө оору катары аныктаган, бирок аны диагностикалоо жана дарылоо үчүн жалпы кабыл алынган система жок.

2019-жылы видео оюндарга көз карандылыктан улам өспүрүмдөрдүн ооруканага жаткырылган биринчи клиникалык учуру катталган. Эксперттер компьютердик оюндарга ашыкча шыктануу көз карандылыкты гана эмес, баланын ден соолугуна терс кесепеттерди – көрүүнүн начарлашын, омуртканын кыйшайып кетишин, уйкусуздукту да алып келерин белгилешет. Көбүнчө балдарда компьютердик оюндарга ашыкча ынталуулуктан улам академиялык көрсөткүчтөр төмөндөйт, кыжырдануу жана агрессия байкалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан